• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Кемпир-Абдан иши: Сооронкулова соттун чечими адилеттүү болгонун айтты

14 Кулжа 2024 21:01 Бишкек Govori.TV

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча соттун актоо чечими адилеттүү болду деген пикири менен бөлүштү.

«Президент Садыр Жапаровко чоң ыраазычылык! Сот адилетүүлүгүнө киришпестен, сотко өз алдынча чечим чыгарганына мүмкүнчүлүк бергени бул чон жетишкендик! Сот бийлиги өз алдынча, көз карандысыз болсо, мамлекет башчысынын аброю дагы жогору болот!»,-деп жазды Сооронкулова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Бүгүн алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов эркиндикке чыкты.

Количество просмотров: 353