• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кендирбаева: «Агартуу тармагында иштегендер, кандидаттарга агитацияга катышууга акысы жок!!!»

29 Аяк оона 202515:17 Бишкек Govori.TV

«Агартуу тармагында иштегендер, кандидаттарга агитацияга катышууга акысы жок!!!». Мындай пикирин Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева социалдык тармак аркылуу билдирди.

Буга чейин журналист Назгуль Мамытова өзүнүн соцтармак баракчасына: «Ысык-Көл облусунда зам.губер аял, зам.аким аялдар шайлоого аралашканды койгула! Мектеп, садик директорлорун чогултуп ватсап группада иштеп жатканыңар боюнча маалыматтар келип жатат…», — деген бидирүү жазган эле. Анын бул билдирүүсүн талкууга түшкөн.

Журналисттин билдирүүсүнүн алдына жооп калтырган Агартуу министри агартуу тармагында иштегендер үгүт иштерине катышууга акысы жок экенин баса белгилеген.

Эске салсак, өткөн аптада Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда өзүн таркаткан. Ал эми ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кезексиз шайлоо 30-ноябрга белгиленгенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 206