Кепшн видео: Айран, ылай, кездеме. Өзгөчө ыкма менен сүрөт тарткан Төлгөбек
15 Жалган куран 202114:52 Бишкек Govori.TV
- Төлгөбек Койчуманов —бир нече өнөрдү бирдей аркалап жүргөн сүрөтчү.
- Ал коомчулукка сүрөтчү-аниматор, декоратор катары таанымал.
- Койчуманов жараткан эмгектердин көбү көңүл кош калбайт.
- Ал жакында эле Сүймөнкул Чокморов менен Төлөмүш Океевдин сүрөтүн өзгөчө ыкма менен тартты.
- Жогорудагы сүрөт топурак менен тартылган.
- Мындай ыкманы тандап алганынын себеби да жөн жерден эмес.
- Ошондой эле айран менен залкар манасчы Саякбайдын сүрөтүн тарткан.
- Кызыгы, ал сүрөттү сол колу менен тартат.
- Койчуманов кыл калем менен гана чектелбей анимациялык тасмаларды жаратат.
- Анын бири — «Аку» мультфильми.
- Койчуманов белгилүү кинофильмдердин бири «Саякбай», «Курманжан датка» тасмаларында сүрөтчү-декоратор болуп иштеген.
- Көп кырдуу талант ээси Төлгөбек 35 жашта. Жалпы миңге жакын эмгек жараткан.
- Төлгөбек чыгармачылыкта ар дайым жаңылык киргизүүнүн үстүндө иштейт.
- Сүрөтчүнүн анимациялык сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып келет.
- Келечекте шакирттерди тарбияласам деген ниети бар.
Подписаться:
Количество просмотров: 226