• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кепшн видео: Чоң муштум энелер дарыгерлерге дарылоону үйрөтүшүүдө

22 Үчтүн айы 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте № 3 балдар ооруканасында дагы бир дарыгер сабалды. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, уруша баштаган. Бул тууралуу интернетте видео тараган.
Келиндин ур-токмогуна кабылган даарыгер кош бойлуу болгон. Учурда ал төрөт үйүнө боюнан түшүү коркунучу менен күтүүсүз жаткырылды. Ал эми милиция дарыгердин арызы менен иш козгоп, иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
Көп өтпөй дарыгерге кол көтөргөн келин да арыз менен кайрылганы айтылды. Ал дарыгер биринчи орой мамиле жасап, телефонго тарта баштаган. Мындан улам ал аны колго чапканын айткан. Ал эми келиндин айтымында дарыгер ооруканага жаткыруунун кажети жок деген ымыркай учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Буга чейин да аталган ооруканада дал ушундай окуя катталып, анда келин баласына дары жазып берген врачты «туура эмес дары берип жатасын» деп оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, кол көтөргөн.
Ал эми ооруканын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова мындай көрүнүштөр байма-бай эле болуп турараарын айтып, бирок дарыгерлер мындай жагымсыз жагдайларга көңүл бурбоого аракет жасап, ишин уланта берээрин кошумчалаган.

Количество просмотров: 103