Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри COVID жугузду.
Уу коргошун ичип жатам деген министр иш бөлмөсүндө айдоочусу менен карантинге бекингенин айткан.
А министрликтин маалыматында Бейшеналиев үйүндө аралыктан иштөөдө…
Буга чейин эмдөөдөн өткөн министрдин COVID менен ооруп калуусу коомдо кайчылаш кептерди жартты.
Көп узабай, тагыраагы 4 күндөн соң министр ооруну жеңип, ишке киришти.
Бул кыргыз коомчулугун эле эмес дүйнө жүзүн да таң калтырчу көрүнүш болду десек болчудай.
Учурда ал жумушка келип, кадимки тартипте иштеп жатат.
Эреже боюнча, коронавирус жуктурган адам 14 күн обочолонууда болуусу керектиги маалым.