• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: Кайра жанган үмүт. Апасын издеген Айперим

11 Бугу 2022 13:57 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга ыр угуп, ыйлап жаткан аялдын видеосу тарады.

31 жаштагы Айперим Темиркулова тасмадагы аялды 21 жыл мурун дайынсыз жоголгон апасына окшоштуруп издеп жатат.

“Апам экенин жүрөгүм сезип атат” деген айым Кызбурак Курбанкулованын кандай шартта жоголгонун айтып берди.

43 жашында жоголгон Кызбурак Курбанкулованын жакындары Орусиянын “Жди меня” берүүсүнө чейин барып келишкен. Милиция ишти үч жолу ачып, тыянак чыккан эмес.

Дайынсыз кеткен апасынын тагдыры бүгүнкү күндө балдары үчүн табышмак. Деген менен видеодогу аял тууралуу маалымат Айпери үчүн абдан маанилүү.

64 жаштагы Курбанкулованы издөө иштери кайра жанданды. Ал эми видео өткөн жылдын август айында Бишкектеги “Вефа” соода борборунун кире беришинде тартылган.

Видеону көргөн-билгендер болсо, 0707803970 номуруна кабарласа болот.

Количество просмотров: 1174