Президент Садыр Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Казакстан Республикасына барды.
Анын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев, туңгуч президент Нурсултан Назарбаев жана башка бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугат.
Казак-кыргыз алакасы Алмаз Атамбаевдин учурунда солгундаган.
Туугандык мамилени Атамбаевден кийин президент болгон Сооронбай Жээнбеков оңдоого аракет кылды.
Ал эми Жапаровдун ант берүү аземине Казакстандын туңгуч президенти Назарбаевдин өкүлү келип, куттуктоо сөзүн айткан.
Нурсултан Назарбаев ажолук такты Токаевге 2019-жылы өткөрүп берген. Бирок казак коомчулугу Назарбаев дагы да болсо көмүскө башкарууда дешет.
Ага каршы бир катар нааразычылык акциялар да өтүп келет.