• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кепшн видео: «Казактын» акталышы жана камалышы. Мамлекеттик системанын кыймылы…

20 Үчтүн айы 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. Эки ай мурда жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, бирок 8-январда үй камагына чыгарылган.

Бул маалымат тараган соң, коомчулукта талкуу жаралып, «Казактын» абактан чыкканы тууралуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү керектиги айтылган.

Көп өтпөй Президенттин жарлыгы менен Маратовду үй камагына чыгарып жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган.
Ал эми «Казак» кайрадан кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен 17-февралга чейин камакка алынды.

Количество просмотров: 255