• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Кепшн видео: Разаков элден кечирим сурайбы же кызматтан кетеби?

22 Үчтүн айы 202016:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сурашы керек деп эсептейт.
Депутаттын мындай билдирүүсүнө Жеңиш Разаковдун 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айтканы болду.
15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. Акцияга чыккандар бийликке алты талап койгон, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар.

Количество просмотров: 84