Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондорунда таштанды убагында тазаланбай жатат.
Муну далилдеген сүрөттөрдү интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө чыгарышууда.
Үч күндөн бери үйүлүп калган таштандылар калаа тургундарын нааразы кылды.
Бишкек мэриясы бул тууралуу комментарий берип, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.
Деген менен шаар тазаланбай, таштанды толуп кетти деген дооматтар азая элек.
Ал арада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун кызматын тапшыруу талабы айтылды.
Соцтармак колдонуучулары мэр өз милдетин так аткара албай жатат деп жүйө келтиришүүдө.