• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кепшн видео: Тагдыры чечилбеген таштанды талаасы. Куруу иштери эмнеге кечикти?

31 Үчтүн айы 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаңы таштанды полигонун куруу иштери жанданды.

Жаңы полигон эскиден 500 метр алыс аралыкта жайгашып, аянты 9 гектардан көп. Жаңы полигондун аймагына таштандыны иргей турган завод курулаары пландалууда.

Учурда эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө таштанды төгүүчү жайдын батыш тарабы түтөп жатат.

Таштанды талаасынын маселеси чечилбей келе жатканына дээрлик 9 жылдын жүзү болду. Полигон толугу менен 2019-жылы бүтүрүлүшү керек болчу.

Деген менен куруу иштеринин мөөнөтү 3 жолу жылдырылып, 2022-жылга калтырылган. Жаңы полигон куруп, эскисин жабуу боюнча долбоорду Евробиримдиги жана Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы каржылоодо.

Долбоордун суммасы 22 млн евро, анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя.

Количество просмотров: 173