• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кепшн видео: Тарых жаңырткан балбан Акжол тууралуу кызыктуу фактылар…

14 Аяк оона 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

Акжол Махмудов Кыргызстандагы эң популярдуу спортчулардын бири.

Ал жаш болсо да жыл сайын чоң ийгиликтерди багындырууда.

Балбан 11-сентябрда Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Акжол өлкөнүн эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан…

Махмудов 1999-жылы Оштун Араван районунда туулган.

Беш бир тууган, 2 карындашы жана 2 агасы бар. Күрөш дүйнөсүнө келип калуусуна агалары себеп болгон.

5 баланы эрезеге жеткирген атасы Мухаммед базарда соода-сатык менен алектенери айтылган.

Ал эми Махмудов апасы тууралуу сөз кылганды жактыра бербейт.

Футбол ойноп жатып, жаракат алган Акжол 2018-жылы Германиядан тизесине операция жасаткан.

11 айлык тыныгуудан кийин спортко кайрадан кайтып, турнирлерге катыша баштаган.

“Мен өзүмөн үмүтүм үзүлүп калган” деген балбан жаракаттан кийин көп нерсени түшүнгөнүн моюндаган.  

Көпчүлүктүн көңүлүн Махмудов жалындуу сүйлөп, ыр окуганы менен да өзүнө бурган.

Балбандын каймана аты «Акула». Бул ысымды алып калуусуна Махмудовдун  россиялык балбан Аслан Зубаировдун чеберчилигине  кызыкканы себеп болгон.

Количество просмотров: 1244