• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кепшн видео: УКМК чек арада «барымтага алынгандар» боюнча үн катты

22 Бирдин айы 2021 19:30 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта Тажикстанда кыргыз жарандары кармалып турат деген маалыматтар  тарады.

Ал арада жакындарын кайтарууну талап кылгандар бүгүн Баткенде нааразычык акцияга чыгышты.

Алардын айтымында, жалпысынан 22 жаран Тажикстанда кармалып турат.

Чогулгандардын арыз-муңун өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев угуп, кармалгандарды чыгаруу аракети болуп жатканы айтты.

Ал эми УКМК тарап жаткан маалыматтарга жооп берип, фейк деп атады:

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт. Такталгандай, Кыргызстандын беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган».

Чек ара көйгөйү Баткендин коңшү  өлкө менен чектеш айматарында байма-бай көтөрүлүп турат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  18-февралда жашоочулар менен жолугуп, маселелер чечилээрин айткан.

Белгилей кетсек учурда Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын өкмөт башчы Марипов билдирген эле.

Количество просмотров: 423