• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

18 Тогуздун айы 2018 14:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу шаар администрациясы билдириди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды.
Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын өкмөтү жарыялаган тизмеде өлгөндөрдүн арасында 15 окуучу, анын ичинде кол салган бала да бар, дагы бешөө – коллеждин кызматкерлери.
Акыркы маалыматтарга караганда, 70 киши жабыркады, жарадар болгон 10 киши реанимацияда жатат, бешөө комада. Бул тууралуу Орусиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова маалымдады.
17-октябрда ошол эле окуу жайынын студенти, 18 жаштагы Владислав Росляков аңчылык мылтыктан туш келди ок атып, колго жасалган жардыруучу жабдыкты ишке келтирген. Андан кийин өз өмүрүн кыйган.
Адегенде “Теракт” беренеси боюнча иш ачылып, кийин ал “Киши өлтүрүү” деп өзгөртүлгөн. Крымда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Количество просмотров: 34