• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кесиптер жарманкеде 6000ден ашуун бош иш орундар боюнча маалымат берилди

28 Чын куран 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү.

Жарманкеде 6000ден ашуун бош иш орундар боюнча маалымат берилди, тагыраагы, маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Ошондой эле жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди ала алышты.

Иш-чаранын максаты — окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

Количество просмотров: 70