• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кесиптештерине кол көтөргөн милиционерлер боюнча иш козголду

25 Чын куран 2024 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан айрым милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын денесине залакат келтирген фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 19-апрелде Бишкек шаарынын М.Горький жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери «Тойота Камри» үлгүсүндөгү авто унааны башкарып келе жаткан милиция кызматкерлери С.И жана Э.К. текшерүү максатында токтотушкан.

«Текшерүү учурунда, С.И жана Э.К. мас абалда авто унааны башкарып жаткандыгынан күмөн санашып, алкоголь ичимдигин колдонуу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү үчүн Республикалык психиатрия жана наркология борборунун бөлүмүнө жеткирилген.

Бирок, С.И. жана Э.К. аталган борбордун имаратынын алдында, күбөлөндүрүү жүргүзүүдөн баш тартып, ИИМнин кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, жерде жаткан таш менен А.Ж. аттуу милиция кызматкерин уруп, анын башына жана денесине залал келтиришкен.

Аталган факты боюнча, райондук прокуратура тарабынан ИИМнин кызмат адамдары С.И. жана Э.К. аракетине карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБнин тергөө кызматына тапшырылды», — деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 96