• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мадумаровдун иши боюнча сотто айыптоо актысы угузулду

9 Үчтүн айы 2024 19:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча айыптоо актысы угузулду. Бул тууралуу жактоочу Гуляна Убалиева билдирди.

Маалыматка караганда, мындан ары коюлган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр жүрөт.

«Ошондой эле ишти кароо материалдары тааныштырылды»,-деди ал.

Эске салсак, Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. 

Количество просмотров: 451