• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кезек БШКнын башчысы Шайлдабековага жетти…

16 Чын куран 2018 15:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык-саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, Президент БШКнын жетекчисинен алдыдагы жергиликтүү кеңештерге болгон даярдыкты сурап, ага бир катар олуттуу тапшырмаларды берген. Ошондой эле БШК шайлоо мыйзамдары боюнча коомдук угууларды өткөрүп, чала иштелген мыйзамдар боюнча жаңы долбоорлорду даярдоону, өлкөнү өнүктүрүү жана демократияны чыңдоо үчүн парламенттик система, ал системаны орнотууга партиялар, шайлоодогу ачык-айкындуулук, мыйзамдын кынтыксыз болушу маанилүү экенин билдирген.

Эске сала кетсек, жергиликтүү кеңештерди шайлоо боюнча мыйзам жаңыдан өзгөртүлүп, алгачкы шайлоолор орун алууда.

Количество просмотров: 31