• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

КФСнин аталышы Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөрдү

26 Жалган куран 202413:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз футбол союзунун мамлекеттик тилдеги аталышы Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөрдү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн уюмдун кезексиз Конгресси болуп өттү. Жыйында уюмдун мамлекеттик тилдеги фирмалык аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Жыйынтыгында жыйынга катышкандар уюмдун аталышын Кыргыз футбол биримдиги деп өзгөртүү сунушун колдогон.

Уюмдун аталышын өзгөртүү демилгесин Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев көтөргөн.

Количество просмотров: 83