• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Киев көчөсүндөгү кейпи кеткен үйдүн сырты оңдолот

5 Теке 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан эски үйдүн фасады оңдолот. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Киев көчөсү 135 дарегинин жашоочуларынын жана социалдык тармактардагы көптөгөн кайрылуулардын негизинде, сүйүктүү борборубуздун сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдү таптык. Жакынкы аралыкта өнөктөштөрүбүздүн жардамы менен бул үйдүн алдыңкы бөлүгүн калыбына келтирүү иштери башталат», — деп жазган Нусувалиев.

Буга чейин борбордун чок ортосунда үйдүн көрүнүшү көп жолу талкуу жараткан. Алсак, аталган үйдүн дубалына баннер илингени коомчулукта чуу жараткан.


Количество просмотров: 145