• Шаршемби 24 Теке 2024
  • Среда 24 Июль 2024

Киевде кол салууга кабылган казак журналист Садыков каза болду

2 Теке 2024 11:41 Бишкек Govori.TV

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Бул тууралуу активисттин жубайы Наталья Садыкова Фейсбуктагы баракчасына жазып, күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди.

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Айдос Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон.

Бул үчүн эки казакстандык жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракети башталганы кабарланган.

Айдос Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык “Азат” партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.

Количество просмотров: 78