• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кийимдери суу жээкте табылган. Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен аял изделүүдө

26 Бугу 202110:32 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-майда Кара-Суу дарыясындагы адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн жанында белгисиз аялдын кийимдери табылып, ал 1967-жылы туулган К.К. аттуу аялга таандык экени аныкталган.

«Кечээ суунун жээгинде 20 чакырым аралыгында издөө иштерин жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер кызматкер тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 183