• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ким жана эмне үчүн ЖК төрагасына каршы Башкы прокуратурага кайрылды?

22 Тогуздун айы 2019 12:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы бир жылдан бери Кыргызстандагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишине бут тосууда. Бул тууралуу аталган координациялык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучусу Уткир Жаббаров билдирди.

Анын айтымында, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун координациялык кеңеши «Жогорку Кеңеш мыйзам талаптарын аткарбай жатат» деп Башкы прокуратурага кайрылды.

«Кыйноолорду алдын алуу борборунун координациялык кеңеши эң жогорку органы болуп саналат. Анын курамы 11 мүчөдөн туруп, алардын сегизи бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, экөө депутат жана акыйкатчы кирет. Координациялык кеңеш 2017-жылдан бери жыйынын өткөрө албай келет. Буга комиссияга мүчө депутаттар улам өзгөрүп, жыйынга катышпай жатканы себеп болууда. Ал эми мыйзам боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссияны парламент бекитет. Бирок парламент бул маселеге көңүл бурбай келе жатат», — деп билдирди Жаббаров.

Ал кошумчалагандай, бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго бир нече жолу кайрылып, бирок майнап чыкпай жатканынын айтты.

Ошондуктан, Башкы прокуратурага кайрылып, парламенттин мыйзамды аткаруу жоопкерчилигин кароону суранды.
Азырынча бул маселе боюнча парламент менен Башкы прокуратура расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 156