• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кимди күтөсүңөр! Жунушалиев «каралар» менен күрөш жүрбөй жатканын айтып сындады

19 Бирдин айы 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ош шаары жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын  аймагында коомдук тартип сактоодо кескин чараларды көрүү керектигин белгиледи

 2020-жылдын 19-февралында Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ош шаарынын жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын ички иштер органдарынын жетекчилик курамы  жана  ыкчам кызматтар менен кеңешме өткөрдү.


 Кеңешменин жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев акыркы мезгилдерде Ош шаарында жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын аймагында криминалдык кырдаал, ар кандай коомдук резонанс жараткан криминалдык окуялар, жарандардын укуктары менен коопсуздуган тынчсызданган кайрылуулар болуп
жаткандыгын айтты. Ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө да ар кыл сындар айтылып жаткандыгы боюнча маселелер талкууланды жана жергиликтүү укук коргоо органдарына тапшырмалар берилип, ушул багыттарга өзгөчө көңүл буруу керектиги баса белгиленди.

“Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын милиция кызматтары кылмыштуулуктун алдын алууда, коомдук тартипти, жарандардын укуктарын сактоодо жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө кескин чараларды көрүү керек. Ар бир кайрылуу, ар бир арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, андан соң тез жана сапаттуу иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлсүн. Ушул багыттарда айрым бир учурларда кемчиликтер кетирилип, жарандардын арыз муңу каралбай, аларга акыйкат мамиле жасалбай калгандыктан, жарандар областтык жана шаардык милициядан жогору инстанцияларга кайрылууга аргасыз болууда. Анда жергиликтүү милиция органдарынын ролу кайда калат. Биз мындай көрүнүштөгө жол бербешибиз керек”,- деди министр.


Джунушалиев ыкчам чукул чогулуштун соңунда..

“Жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилиги жогоруда мен айткан багыттарга өзгөчө маани бериш керек. Тартип бузулдубу, кылмыш жасалдыбы, уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан коркутуу же үркүтүү болуп жатабы ага сөссүз тез арада мыйзам чегинде чара көрүү керек. Кимди күтөсүңөр. Алардын ким экендигине карабастан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлүп, кылмышка шектүүлөрдүн ээн эркин жүрүшүнө, алардын качып кетишине жол бербөө керек. Биз үчүн эң маанилүү багыт жарандардын жана мамлекетибиздин коопсуздугу, ал коопсуздукту эч кимдин бузууга акысы жок, демек коомдук коопсуздукту сактоо багытында эгерде тартип бузула турган болсо, аны бузууга аракеттенгендер бар боло турган болсо, анда милиция кызматы дайыма жана үзгүлтүксүз чечкиндүү кадамдарга барыш керек, бул баарыбыздын түздөн милдетибиз, аны биз орундатышыбыз керек”, — деди Министр.


Ошондой эле Ош шаарынын жана Ош, Жалал Абад, Баткен областарынын аймагындагы кырдаал толугу менен электен өткөрүлүп, кемчиликтер баса белгиленип, криминалдык кырдаалды жөнгө салуу маселесиндеги негизги багыттар боюнча кошумча иш чаралар белгиленди.

Количество просмотров: 56