Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиргендей, 29-августтан тарта өлкөнүн кинотеатрларынан Жусуп Абдрахманов тууралуу толук метраждуу даректүү тасма көрсөтүлө баштайт.
Даректүү тасманын режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Ал эми сценарийин Бакыт Орунбек жазган. Кинонун презентациялык көрсөтүүсү 26-28-июнь күндөрү «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт.
Эскерте кетсек, Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Ысык-Көл районундагы Жаркымбаев айылында туулган.Советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон.Ал эми 1938-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.