• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кирилл Вышинский камактан бошотулду

29 Баш оона 20199:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

РИА Новости Украина порталынын жетекчиси Кирилл Вышинскийди Киевдин апелляциялык соту камактан бошотту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы өзгөрүп, эми соттун жана тергөөнүн чакыруусу боюнча барып турат.

Эске салсак, РИА Новости Украина порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский 2018-жылы 15-майда Киевден кармалган. Ал өзүн республика деп атап алган Донбассты колдогону үчүн жана мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган. Бул аракеттери үчүн аны 15 жылга эркинен ажыратуу сунушталган.

Количество просмотров: 13