Govori.TV карама-каршы келген пикирлерди тең салмактуу, чындыкты чагылдырган ММК. Бул туурасында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова “Govori.TV” мультимедиалык агенттигинин туулган күнү менен куттуктап жатып айтты.
«3 жылдын ичинде Говори.ТВ журналисттик этиканын үлгүсүн, чындыкты, карама-каршы пикирлердин тең салмактуулугун чагылдырган массалык маалымат каражаты катары калыптанды», — дейт ал.