Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Клара Сооронкулова баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кенен комментарий берүүдөн карманды.
«Азыр дагы бир несени айтып алып, кайра чыккан жерде болуп калабыз. Үй камагы тандалды, анын өзүнүн тартиптери бар. Тергөө жүрүп жатат», -деди ал.
Бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат.
Эске салсак, 30га жакын саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.