• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абактагы Сооронкуловага пневмония диагнозу коюлду

27 Жалган куран 2023 17:56 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкуловага тергөө абагынын медициналык бөлүмүнүн дарыгерлери пневмония диагнозун коюшту. Бул тууралуу анын жактоочусу Чинара Джакупбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында, жаңы гана операция болуп, кайрадан абакка которулган Сооронкулованын абалы жакшы калыбына келе элек болчу.

Эске салсак, 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, 20дан ашуун саясатчы жапырт кармалган. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Айрымдары ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 855