• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Клара Сооронкулова: Жапаровдун мунапысы менен абактан чыккандардын тизмеси ачык жарыяланышы керек

24 Жетинин айы 202013:30 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан убакта мунапыс менен абактан бошотулгандардын тизмеси ачык жарыяланышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда президенттикке талапкер Клара Сооронкулова маалымат жыйында айтты.

«268 адамга өтө кыска мөөнөттө мунапыс берилди. Мыйзамда белгиленген процедуралар боюнча бул такыр мүмкүн эмес. Коомчулук кимге мунапыс берилип жатканын билиши керек. Балким арасында зордуктагандар, адам өлтүргөндөр бар чыгар», — деди Сооронкулова.

Количество просмотров: 373