• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Классташ кыздарына электрондук тамеки белек кылышыптыр». Депутат ИИМдин баңгизат боюнча маалыматын угууну талап кылды

5 Чын куран 2023 11:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Ички иштер министрлигинин баңги заттардын жайылышына каршы күрөшүү чаралары боюнча маалыматын угууну талап кылууда. Жыйында мындай сунушту депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, баңгизаттын жайылышы тынчсызданууну жаратууда.

««Принцесса Дури» аталышындагы интернет-дүкөндөн баңгизат сатуу — бул бери жагы эле. Мындай көрүнүштөр күчөп, мектептерде наркотикалык конфеттер, наркотикалык «клейлер» сатылат экен. Жакында эле 8-март майрамына карата балдар классташ кыздарына электрондук тамеки белек кылышыптыр. Тиешелүү органдардын маалыматын угууну тиешелүү комитетке тапшыралы. Кандай иштер аткарылып жатат? Кандай чаралар көрүлүп жатат?», деди депутат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин алкагында «Принцесса Дури» баңги тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирген.

Количество просмотров: 59