Бүгүн 2-февралда Кыргыз либерал демократиялык партиясы коомчулукка өзүн жана алдыдагы пландары менен тааныштырууда. «Жаңылануу мезгили» деген чакырыктын алдында өтүп жаткан жыйында КЛДПнын эл алдына өздөрүн биринчи жолу тааныштыруушууда.
Жыйынга Медеткан Шеримкулов, ЖК депутаттары Мирлан Жээнчороев, Наталья Никитенко, Алтынбек Жунус уулу жана башка коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана жай жарандар катышууда.


КЛДПнын тең төрагасы Сейтек Качкынбаев өз сөзүндө партиянын негизги багыттары катары салык төлөөчүлөрдүн көбөйтүү, чакан бийликти куруу, жаштарга орун берүү болуп саналаарын билдирди.

Партиянын дагы бир тең төрагасы экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров тарапташтарын жана КЛДПны колдогусу келген жарандарды эсеп аркылуу колдоону чакырып өттү.

Ал эми КЛДПнын үчүнчү тең төрагасы ЖК депутаты Жанар Акаев партиянын артында байлыгына тиреген адамдар же бизнесмендер жок экенин айтып, алар маңдай тер менен баарына жеткен жаштар менен жолго чыкканын кошумчалады. Мындан сырткары Акаев шайлоо системасын түп тамыры менен өзгөртүү сунушун келтиришээрин айтты.
«Мурун депутаттарды лидер аныктаган. А биздин сунушубуз жарандар шайлоо учурунда өзүнө жаккан гана депутаттардан шайлай алат», — деди ал.
