24-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт:
Бишкек — Ош: 121–138-чакырымдары (Төө-Ашуу), 198–265-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Бишкек — Нарын — Торугарт: 292–305-чакырымдары (Долон ашуусу);
Арал — Миң-Куш: 1–14-чакырымдары;
Арал — Суусамыр: 8–21-чакырымдары;
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад: 201–205, 260–290 жана 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
Каракол — Эңилчек: 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).
Кырсыктардын алдын алуу максатында, айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы зарыл.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтарына жана президенттин облустардагы өкүлдөрүнө шашылыш билдирүүлөр (телефонограммалар) жөнөтүлдү.
Ошондой эле калкка уюлдук операторлор, радио жана телеберүүлөр аркылуу эскертүүлөр берилүүдө.
Чуңкурчак жайлоосунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жайыттарды коргоо жана жаратылыш аймактарында мототранспорт каражаттарынын …