• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ӨКМ: Бишкекте чыккан өрттөрдүн себеби жана келтирилген материалдык чыгымдары такталууда

23 Баш оона 201912:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2019. Govori.TV

Бишкекте бир жума ичинде экинчи ирет ири өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдыр министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 22-августта саат 18:42де Ч.Валиханов көчөсүнүн №2В/2 дарегинде жайгашкан ЖЧК “Бекендос Плюс” кампасында өрт чыккан.

«Өрттүн кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алып, болжол менен жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме жана пластик түтүкчөлөрдү сактоочу кампада өрт чыккан.Өрт саат 20:15те чектөөгө алынып, саат 01:21де толук өчүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Эскерте кетсек, Бишкекте Интергельпо көчөсүндө жайгашкан турмуш-тиричилик техникасы сакталган кампада өрт чыгып, бир күндөн кийин тактап айтканда 22-августта өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 15