Бүгүн, 19-июнда ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 20-23-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Сел каптоонун алдын алып, арыктарды таза кармоону ӨКМ эскертет!