• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

25 Бирдин айы 202612:25 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 26-февралдан 28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашууда,Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
  • Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
  • Арал – Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 117