ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты
ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты
15 Бирдин айы 202417:59 Бишкек Govori.TV
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына таянсак, 16нан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр – Талас – Тараз трассасынын 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымы;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
Бишкек – Нарын- – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);