Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Дача Суда авиакырсык болгон жерде телефондорду жыйнап алышкан. Аларга карата кылмыш иш козголгонун бүгүн, 6-августта Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Биринчи май райондук соту ушул жылдын 31-июлунда 6 өрт өчүрүүчү кызматкердин баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган. Алар кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, прокурор, тергөөчүгө тергөө иштерине тоскоолдук жаратууга шектелип жатат.
Болжолдуу маалымат боюнча, ӨКМдин 22 кызматкерине карата кылмыш иш козголгон. Алар ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылып жатат.
ӨКМ тергөө жүрүп жаткандыктан комментарий берүүдөн баш тартты.
Гонконг—Бишкек—Стамбул каттамындагы учак 2017-жылдын 16-январында саат 07:17 чамасында «Манас» аэропортуна жакын аймактагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Анын кесепетинен 39 адам каза болуп, 23 үй талкаланган эле. Каза болгондордун төртөө экипаждын мүчөлөрү, калганы жергиликтүү тургундар болчу. Көз жумгандардын эң кичүүсү 4 айлык ымыркай жана эки кош бойлуу келин бар.
Учактын бортунда ар кандай 86 тонна жүк болгон.
Булак: АКИpress.