• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ӨКМ кызматкерлерине 24 батирлүү турак үй курулуп берилди

15 Баш оона 201911:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында ӨКМ кызматкерлери үчүн 24 батирлүү турак үй курулуп бүтүп, министр Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда салтанаттуу түрдө тапшырылды.

“Аталган турак үй көз карандысыз жылытуу (котельный) жана паркинги менен курулуп, 0,6 Га аянтты ээлейт. Турак үйдүн жалпы аянты — 2162,24 м2. Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталып, азыркы учурда турак үйдүн долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 14