• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ӨКМ: «Метеорит түштү» деген маалымат текшерилип жатат

7 Чын куран 2021 18:15 Бишкек Govori.TV

«Чүй облусуна метеорит» түштү деген маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Алдын ала маалыматка караганда, Чүй облусунун аймагында эч кандай кыйроолор же жабыр тарткандар жок. Балким объект Кыргызстандын аймагына түшкөн эмес. Маалымат текшерилүүдө», — деп билдиришти ӨКМден.

Эске салсак, кечээ, 6-апрелде саат 23:04тө Чүй облусу менен Бишкек шаарынын тургундары асмандан учуп түшкөн жарыкты көрүшкөн. Ал жерге түшүп же түшпөгөнү азырынча белгисиз. Интернет колдонуучулары ал метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

Количество просмотров: 145