• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ шамалда моторлуу кайыктарды айдоого жанына жүргүнчү салууга болбосун эскертти

3 Баш оона 202411:39 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги скутер, кайык, катамаран, үйлөнгөн банан жана моторлуу кайык менен сууда жүрүү эрежелерин тизмектеп, эрежелер жана талаптар боюнча маалымат берди.

Эреже жана коюлган талаптар:

моторлуу кайыктарды башкарууну жана коопсуздук эрежелерин билүү;

айдоочу жана жүргүнчү коргонуучу чыптама кийүү керек;

күйүүчү майы жана башка керектүү жабдууларынын камсыздалышын текшерүү;

сууда жүргөн адамдарга сууну чачыратпай, аларды сүзүп кетүүдөн сак болуп, жакшысы айланып өтүү зарыл;

көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашпоо;

кайыкка түшүп жаткан адам бел курларын бекемдеп тагынып, өзүнүн коопсуз абалда экенине ынанышы керек;

кичинекей көлмөлөрдө скутерди айдоого болбойт;

навигация эрежелерин байкап туруу;

шамалда айдоо өтө кооптуу жана жүргүнчүлөрдү салууга тыюу салынат;

ичип алып түшүүгө болбойт жана чылым чегүүгө тыюу салынат;

теплоход же башка көлөмдүү кайыктарга жол бошотуу;

көлдүн кооптуу аймактарына жакын барбоо.

Эске салсак, туристтик сезондо көбүнчө Ысык-Көлдө моторлуу кайыктар катышкан кырсыктар болуп, өлүм менен коштолгон учурлар да орун алган. Айрымдар аларды колдонууга тыюу салууну сунуштаса, башкалар тийиштүү эрежелерди бекитип, атайын белгиленген жерде гана айдоо керектигин айтып келишет.

Теги:
Количество просмотров: 107