• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

7 Бугу 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел жүрүп, тоолуу аймактардагы жолдорго көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

«7-майда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми 7-11-май аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Жолго чыккандар айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы айтылды.

Количество просмотров: 402