• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

ӨКМ шашылыш билдирет: 26-июлдан 29-июлга өлкөнүн аймактарында күн катуу ысыйт

23 Теке 201911:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40° чейин жогорулайт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат. Андан тышкары,  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат таратууда.

Количество просмотров: 12