Ош жана Жалал-Абад облустарына барган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган делегациянын 12 мүчөсү коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты. Алардын эч кимисинен вирус табылган жок. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Өкмөт башчы жана делегациянын мүчөлөрү үч күнгө үй карантинине жиберилди.
Учурда Абылгазиев аралыкта иштеп жатат. Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.