• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өкмөт башчы Марипов инисин кызматтан алды

4 Бирдин айы 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Жаңы өкмөт башчы Улукбек Марипов бир тууган инисин кызматтан алды. Бул тууралуу өкмөттун расмий сайтында маалымдалат.

Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык,  Марипов Бакытбек Асамидинович Ош облусунун Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду.

Белгилесек, бул Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматындагы алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов учурдагы Өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат. 

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик  органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгынын негизги багыттарынын бири катары жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга шарт түзүү жана кадрдык маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп эсептелет.

Количество просмотров: 461