• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанаты өттү

17 Кулжа 202022:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы Премьер-министрге жана жалпы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ийгилик каалады.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги фракциялардын лидерлери — Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев катышты.

Количество просмотров: 499