• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бөдөнө шорпо… Же Өкмөт башчы С. Исаков Ошто кайсы «досторуна» конок болгон?

5 Чын куран 2018 18:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.04.02. Govori.TV
Мындан дээрлик эки жума мурун, Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош шаарына расмий иш сапары менен барып, ал жакта Өкмөттүк иш чараларга катышкандан тышкары протоколдо көрсөтүлбөгөн мейманчылоо жасаган. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кызыктуу маалыматтарды жиберишти.

Анда белгилүү болгондой, С. Исаков, Ошко Агахан фондунун учагы менен жетип, Ош аэропортунун жаңы терминалынын ачылышына катышып, лента кескен. Андан соң “Таза жашоо”  деген жазуусу бар ак футболкачан болуп, Ош шаарынын Токтогул эс алуу багындагы ишембиликте болгон.

 

“Оштогу мамрезиденцияда түштөнгөндөн кийин Өкмөт башчы Араван районуна барып, дыйкандар менен жолугушуу өткөргөн соң, Ош шаарына кайтып келмек. Жергиликтүү милиция мамрезиденцияга чейинки жолу тосуп, каттамдарды токтотуп турганына карабай, ал капыстан эле КСДПнын депутаты Азамат Арапбаевдин үйүнө конокко бурулуп кеткен. Протоколдо мындай иш-чара каралбагандыктан, милиция ал жактын жолун чукул ачууга жандалбастап, шаштысы кеткен”,-деп айтышат өздүк булактар.

 

Биз бул маалыматты тактоо үчүн депутат Азамат Арапбаевге байланышканыбызда, ал Өкмөт башчысын коноктогонун тастыктаган да, четке каккан да жок. Күтүүсүз суроодон улам бир саамга кармалып, мындай маалыматы жоктугун айткан эл өкүлү, аягында “Эми анын эмнеси бар экен, Өкмөт башчы болсо, иш чаралар бүткөн учур болсо, кыргыздын салты да мейманга сый көрсөтүү…”,-деп телефонун өчүрдү.

Кепти андан ары уласак,  кечке маал жергиликтүү милиция жолдорду ачып, мамлекеттик резиденцияга тоскоолдуксуз келишине кам көрүп,  депутаттын сыйына карк болгон премьер-министр мамлекеттик резиденцияга келет. Бирок, жарым саат өтпөй ал ойлорунан “ойт” берет дагы, «Черемушки» кичи районундагы  МЖК 6А дарегине, классташы Алмаздын үйүнө баш бага келүүнү  эп көрөт. Албетте, протоколдон тыш, күтүлбөгөн бурулуш.  Ушундан улам жергиликтүү чиновниктер да жол-кайгуул кызматы менен бирге С. Исаковду алыстан акмалап, түн жарымына чейин көчөдө күзөттө турушат.  Кечки 19:30дарда классташынын үйүнө кирип кеткен ал түнкү 12ден өтүп калганда чыгып, кайрадан милициянын курчоосунда, жоон топ аткошчулары менен мамлекеттик резиденцияга келип жайгашкан. Ага чейин милициялар рация аркылуу «Шеф, жаңы эле бөдөнө шорпону ичти, азыр эт тартылат экен» деп сүйлөшүп турушканын уккандар бар.
“Сапар Исаков элге эч кандай “Акылдуу шаар”, “Өнүгүүгө 40 кадам”, “Акылдуу мектеп” долбоорлору тууралуу сөз кылбады, тек, мамлекеттик иш-чараларга катышкан болду да, досторуна айылчылап жүрүп узап кетти. Баса, бул С. Исаковдун биринчи айылчылашы эмес. 2017-жылдын 1-сентябрында келгенде да түн ичинде Бир-Адырдагы Беруни көчөсүндө жашаган Данияр  аттуу  классташынын үйүнө барып, анда да милиция алдын-ала маалыматы жоктугунан кара терге түшкөн”,-деп билдирет биздин булактар.

Биз, бул маалыматтарды тактоо үчүн Өкмөттүн маалымат кызматы менен байланышканыбызда, кийинчерээк баары такталган соң жооп болоорун, атайын көө жабуу болушу мүмкүндүгүн билдиришти. Ал эми Өкмөттүн протокол секторунун башчысы  Төлөнов Расул Арапбаевич менен байланышуу мүмкүн болбоду.
Количество просмотров: 39