Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Каражат өкмөт башчынын резервдик фондунан бөлүндү.
Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.