• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өкмөт мүчөлөрү шайлоодо жана референдумда добуш берди

10 Үчтүн айы 2021 14:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добушун берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы №5-кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан № 1209 шайлоо участогунда добуш берди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов катталган орду боюнча, Ысык-Көл облусунун Чон-Сары-Ой айылындагы № 3023 шайлоо участогунда добуш берди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумунда «Жашылдандыру чарбасы» муниципалдык ишканасынын имаратында жайгашкан № 1222 участогунда добуш берди.

Количество просмотров: 71