Министрлер кабинети бардык мамлекеттик кызматкерлерди MegaCom уюлдук операторунун гана кызматын колдонууга милдеттендирүү чечимин кабыл алды.
Айрым аткаминерлердин айтымында, министрлер кабинети ата мекендик операторду колдоо максатында MegaCom SIM-карталарын сатып алууну жана бул компаниянын кызматына өтүүнү сунуштайт. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн мөөнөттөр белгиленди — алар муну 2022-жылдын 1-январына чейин аткарууга милдеттүү.
Ал эми министрлер кабинети менен MegaCom компаниясы бул маселе боюнча кенерирээк комментарий берүүнү убадалашкан.
2021-жылдын июль айында министрлер кабинети мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү боюнча дагы бир программаны ишке ашырууну көздөп, «Альфа Телеком» ЖАКын (MegaCom) сатуу темасын кайрадан көтөргөн. Ал уюлдук оператордун 100% үлүшүн сатууну жактаган.